Уюм тууралуу

Уюм тууралуу:

“Юристтер адам укуктары үчүн” Коомдук фондунун командасы Европа комиссиясынын, USAID, UNDP, GIZ, ФСК жана башка улуттук өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан мамлекеттик органдар жана эл аралык долбоорлор менен иш алып барып, эриш-аркак иштешүү боюнча олуттуу тажрыйбага ээ. Биздин команда уюмдун баалуулуктарын жана вазыйпасын бөлүшөт, анын өнүгүүсүнө жана натыйжалуулугуна жигердүү салым кошуп келет.

Негизги жетишкендиктер:

Пенитенциардык мекемелердеги саламаттык сактоо системасына мониторинг
COVID-19 пандемиясынын шартында биз камактагылардын арасында ден соолукту коргоого болгон укуктарын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Изилдөөнүн негизинде медициналык кызмат көрсөтүүдө аныкталган көйгөйлөрдү четтетүү үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Иш-чаралар планынын өзөгүн түзгөн, сунуштамалар камтылган отчет даярдалды.

Баңги заттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды реформалоо
ЮАУ КР Өкмөтүнүн баңги каражаттарынын массасын аныктоонун принциптерин кайра карап чыгуу жөнүндө Токтомун кабыл алууга көмөк көрсөттү. Жаңы ченемдер кошулмаларды эсепке алууну жокко чыгарды, бул баңги заттарды колдонгон адамдардын укуктарынын сакталышына олуттуу таасирин тийгизди.

Адвокаттардын дараметин жогорулатуу
КР Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы менен өнөктөштүктө биз адвокаттардын реестрин түздүк. Бул реестр баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адам сатууга байланышкан иштер боюнча адистешкен. Ошондой эле бул маселелер боюнча соттук практиканы жалпылаштырып, аны КР Жогорку сотуна сунушташты.

Стратегиялык соттук доолашуулар
ЮАУ адамдын укуктарын жана эркиндиктерин бузган жазык-процесстик мыйзамдардын ченемдерин талашуу боюнча сот процесстерине жигердүү катышып келет. Биз иштерди жалпы юрисдикциядагы сотторго жана Конституциялык сотко жеткирип, системалуу өзгөрүүлөргө умтулуп жатабыз.

ЮАУнун негизги компетенциялары:

  • Өзөктүк топтордун — ВИЧ менен жашаган адамдардын, баңги заттарды колдонгон адамдардын укуктарын коргоо. 
  • Жазык сот адилеттиги системасына мониторинг жүргүзүү жана реформалоо — мыйзамдарды талдоо, сунуштамаларды даярдоо, өзгөртүүлөргө адвокация жасоо.
  • Адам сатууга каршы туруу — жабыр тарткандарга юридикалык колдоо көрсөтүү, мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иштөө.
  • Юридикалык жардам жана стратегиялык адвокация – жарандардын укуктарын соттор аркылуу, анын ичинде Конституциялык соттун деңгээлинде коргоо.
  • Эл аралык донорлор менен ийгиликтүү эриш-аркак иштешүү тажрыйбасы бар — Европа Комиссиясынын, USAID, UNDP жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен долбоорлорду ишке ашыруу.

Иштин негизги багыттары

  • Жазык сот адилеттиги системасына мониторинг: изилдөө, аналитика, сунуштамаларды даярдоо жана реформаларга көмөктөшүү.
  • Аярлуу топтордун укуктарын коргоо: укуктук колдоо, стигмага жана басмырлоого каршы туруу.
  • Адамдарды сатууга каршы күрөшүү: алдын алуу, курмандыктарды коргоо, мамлекеттик органдар менен кызматташуу.
  • Стратегиялык соттук коргонуу: соттордо мыйзамдардагы укуктарды бузган ченемдерди талашуу.

Биз укуктун үстөмдүгүнө ишенебиз жана Кыргызстанда ар бир адам өз укуктары менен эркиндиктери корголо турганына бекем ишенимде болушу үчүн бул багытта иш алып барабыз.

Back to top button