Биздин команда

Асель Койлубаева

Төрайым

Адвокат, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө 15 жылдык тажрыйбасы бар, эксперт катары жазык-аткаруу системасы, кыйноолордун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, адамдарды сатуу, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укук, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө адистешкен. Ошондой эле дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу маселелери боюнча адистин компетенциясына ээ. Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалицияны жетектеп, КР КАУБнын Координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
Ири долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар.

Дамир Марат уулу

Долбоордун координатору

Эл аралык долбоорлордо 7 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис. WB, ADB, USAID,EBRD, INL, EU өңдүү эл аралык уюмдар менен иштешкен.
Бизнести башкаруу жана юриспруденция (MBA) жаатында магистр даражасына ээ.

Нуржан Бекбоева

Юрист, долбоордун ассистенти

Юриспруденция жаатында магистр даражасы бар юрист. Социалдык жактан корголбогон аялдарга юридикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле адам укуктары, стратегиялык сот укугу жана медиация боюнча изилдөө жана билим берүү долбоорлоруна катышуу тажрыйбасы бар. Гендердик жана социалдык демилгелерге, ошондой эле эл аралык укуктук мектептерге катышкан.

Эмиль Турдукулов

Долбоордун логисти 

Эл аралык долбоорлордо 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис. UNEP, UNDP, USAID, EBRD, EU өңдүү эл аралык уюмдар менен иштешкен.

Back to top button